Ө.Бабанов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын директорунун милдетин аткаруучу менен жолукту
Бишкек, 27-март /Кабар/. 26-мартта КР премьер-министри Ө.Бабанов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын Кыргызстандагы директорунун милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс менен жолукту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалымат саясаты бөлүмүнөн билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы КР өнүктүрүү боюнча БУУнун аталган программасы тарабынан кабыл алынган эки жылдык иш пландардын аткарылышы менен таанышты.
М.Хаггинс бул программанын алкагында айыл жеринде жашаган аз камсыз болгон адамдарга жалпысынан 25 тонна азык-түлүк бөлүп берүү пландаштырылып жаткандыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө витаминдештирилген майды жана 6,5 миң тонна унду бөлүп берүүгө даяр. Бул иш Социалдык өнүгүү министрлиги, ӨЭУ жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары аркылуу жүргүзүлөт.
Премьер-министр ошондой эле Кыргызстандын бул эл аралык уюмдун Афганистанды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программаларына катышууга даяр экендигин билдирди.
“Кыргызстан айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү жеткирүү боюнча тиешелүү мүмкүнчүлүккө ээ жана БУУнун Азык-түлүк Программасынын Афганистанды калыбына келтирүү жана өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн иштерине катышууга даяр”, - деди Ө.Бабанов.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандагы мектептерде кенже класстардын окуучуларынын тамактануусу тууралуу да сөз болду. М.Хаггинс БУУнун аталган программасы бул багытта да техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.















