КР ТИМ министрлигинде Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан Автономиялуу облусундагы кырдаал талкууланды
Бишкек, 25-июль /Кабар/. 24-июлда КР Тышкы иштер министрлигинде КР ТИМ министринин орун басары Аскар Бешимов Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Асомудин Саидов менен жолугушкан. Жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууда эки тарап Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан Автономиялуу облусунда түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. А.Бешимов бандиттик топтор менен күрөшүүдө Тажикстандын Күч түзүлүштөрүнүн кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты.
ММКда буга чейин маалымдангандай, тажик генералы Абдулло Назаровдун өлүмүнө шектүү делгендерди кармоо боюнча Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан Автономиялуу облусундагы атайын операциянын жүрүшүндө 12 аскер набыт болуп, дагы 20дан ашууну жарадар болгон.















