Аймак

Июнь 2013
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
30/04 18:37
 

Облуста “Ыйык Ысык-Көлүбүздүн тазалыгы үчүн” акциясы өтүп жатат

Бишкек,30-апрель /Кабар/. Ысык-Көл облусунда “Биз бул жерде жашайбыз” деген ураан астында айлананы, көл жээгин тазалоо жана көчөлөрдү жашылдандыруу иштери өтүп жатат. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди .

“Бул акциянын максаты-жергиликтүү жашоочуларды көлдүн жээгин тазалоого, коомдук жерлерди ирээтке келтирүүгө жана жашылдандыруу ишине активдүү катышууга үндөө менен бирге маданияттуу жашоо образына чакыруу болуп саналат”,- деп белгиледи Н.Муканбетова.

Анын айтымына караганда, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация ушул акциянын алкагында эле “Мен туулган жеримдин тазалыгы үчүн!” кароо-сынагын өткөрүп жатат. Анын жыйынтыгы жакынкы күндөрдө чыгат. Бул кароо-сынакка 800 миң сом каражат бөлүнгөн. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу
  • anticorr
  • MSZN