Аймак

Август 2014
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
07/12 17:35
 

Жалал-Абад шаарында «Айтыш-2012» түштүк аймактык төкмө акындардын айтышы жыйынтыкталды

Жалал-Абад, 7-декабрь /Анархан Жаңыбаева - Кабар/. Жалал-Абад шаарынын 135 жылдык мааракесине жана көп кырдуу таланттын ээси КР эмгек сиңирген артистти, төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 85 жылдыгына, боордош казак-кыргыз элине алтын көпүрө болуп жүргөн Майра Керим кызынын 50 жылдыгына арналган «Айтыш-2012» аттуу түштүк аймактык төкмө акындардын айтышы 5-6-декабрь күндөрү болуп, баш байгени 70 миң сомду Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын артисти, таланттуу төкмө акын Абдыкайым Ашымбаев жеңип алды.

Шаардык мэриядан алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын мэри Бакыт Адылов, шаардык кеңештин төрагасы Нурдин Эрматов катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты. Бул иш-чарага түштүк өрөөнүнөн 37 өнөрпоз катышып, эки күн кечке ырдашып, Жалал-Абад элинин жарпын жазышты.

Жыйынтыгында 1-орун Оштогу «Актаңдай акын» коомдук бирикмесинин директору, ЭлТР каналынын алып баруучусу Абдивали Акимбековго ыйгарылып, 50 миң сом жана диплом менен сыйланды. Экинчи орун болсо оштук акын Шамырбек Тургунбаевге ыйгарылып, диплом жана 40 миң сом алды, үчүнчү орунга Сапар Зулпуев жетишип, 30 миң сом менен сыйланды. Төртүнчү орунга Жыпар Арзыматова чыгып, ага 20 миң сом тапшырылды.

Калган катышуучулар да куру кол калбай диплом, акчалай сыйлыктарды алышты. Ал эми Майра Керим кызынын жолдошу Канат Байышов жана уулу Акжолтой Канат уулу да сый конок катары сый-урматка татышып, сыйлык алып кайтышты.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу
Аймактарда жаштар менен иш алып баруучу адистердин саны жетишсиз
28/04 13:40
Аймактарда жаштар менен иш алып баруучу адистердин саны жетишсиз

Бишкек, 28-апрель /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Аймактарда жаштар менен иш алып баруучу адистердин саны жетишсиз....

Бийлик органдары

  • anticorr
  • MSZN