А.Кадыркулов: "Байланыш кызматкерлеринин майрамынын маанилүүлүгүн жогорулатуу керек"
Бишкек, 7-май /Махабат Момуналиева - Кабар/. Байланыш кызматкерлеринин майрамынын маанилүүлүгүн жогорулатуу керек. Бул тууралуу 7-май Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанатта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Алмаз Кадыркулов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө байланыштын маанилүүлүгү ар бир адам үчүн күн сайын жогорулоодо.Байланыш кызматкерлеринин майрамына арналган салтанатта А.Кадыркулов байланыш тармагындагы мыкты кызматкерлерге агенттиктин төш белгилерин тапшырды.
“Төш белги күмүштөн жасалып, байланыш тармагындагы символикаларды өзүнө камтыган. Агенттик өз төш белгисин иштеп чыгуу менен кызматкерлердин жасаган ишине жогорку баа берет”, - деп кошумчалады ал.















