Спорт

Май 2013
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/08 15:44
 

Бакай-Ата районунда Канат Бегалиев атындагы спорт комплекси курулууда


 

Талас, 2-август (КАБАР). Бакай-Ата районундагы  Өзгөрүш айылына “Азия –газпром” ишканасы чемпион Канат Бегалиевдин  урматына спорт комплексин куруп жатат. СССР учурунда көп кабаттуу үй болот деп пландаштырылып, 2 кабаты курулган соң иш токтоп, кийинчерээк таланып-тонолуп кеткен бул имарат азыр спорт комплексине ылайыкташтырылып, курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

   Кыргызстандын курама командасынын спортчулары, футболчулар, чемпиондор Руслан Түмөнбаев, Кенжеев Жанарбек  жана башкалар Канат Бегалиев менен бирге спорт комплексине келишти.

 Спорт комплексин көрүп чыгышкан соң алар Өзгөрүш айылынын  спорт аянтчасына чыгып, футбол ойношту. Футбол мелдешине Бишкектен келген курама команда жана Өзгөрүш айылынын футболчулары чыгышты. Мелдештин жыйынтыгында айылдык футболчулар жеңишке жетишти. ( М. Сейдикеримова )


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу
  • anticorr
  • MSZN