Ташкентте эки элдин достук мамилесин чыңдоо маселелери талкууланды
Ташкент, 8-май /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. «Өзбекстан-Кыргызстан» достук коомундагы кезектеги жыйында өзбек жана кыргыз элинин ортосундагы достук мамилени чыңдоо маселеси талкууланды.
Коомдун төрагасы, профессор Мурод Икрамов соңку мезгилде кээ бир Интернет-сайттарда эки элдин ортосундагы достукка залакасын тийгизе турган макалалар жарыяланып жаткандыгына токтолуп, өзбек-кыргыз достугунун тамыры терең экенин белгиледи.
Катышуучулардын пикири боюнча, ар бир мамлекетте болуп жаткан окуяны чагылдыруу же аларга баа берүүдө улуттук, өзгөчөлүк эмес, жалпы адамзат кызыкчылыгы биринчи орунга коюлушу керек. Учурда, мындай кызыгуу – тынчтык, улуттардын ортосундагы достук болуп саналат.
Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда элдик дипломатияны өнүктүрүү, адабият, маданият тармагындагы байланыштарды кайра калыбына келтирип, аларды мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара пикир алышуу болду.















