• 89.47
  • 96.56
  • 0.97
  • 0.2

Жээнбеков: Пусть в народе будет согласие и процветание, а на нашей земле мир

Президент 0

Читайте и смотрите нас в

Бишкек, 01.01.20. /Кабар/. Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков поздравил кыргызстанцев с Новым 2020 годом.

В поздравлении главы государства говорится:

«Кадырлуу калайык журтум!

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Аруу тилек, илгери үмүт, бийик максаттар менен 2020-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Жаңы жыл жалпыбыз үчүн жакшылыктардын жылы болсун.

Ак сакалы жайкалган аталарыбыз, колунан берекеси төгүлгөн энелерибиз аман болсун.

Келечектин ээлери — жаштарыбыздын баардык ой максаттары ишке ашсын.

Үйүбүздүн куту — балдарыбыздын күлкүсү жаңырып турсун.

Баарыбызды тең жакшылыктар, ийгиликтер коштоп жүрсүн. Тилектерибиз ишке ашсын.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жыл тогошоор маалда артка кылчайып, өткөнгө көз чаптырабыз.

Келерки жылга жаңы максаттарды коебуз.

Өтүп бараткан жылда, сиздердин колдооңуздар менен өлкөбүздө бир катар алгылыктуу иштер аткарылды.

Бишкек быйыл дүйнөлүк маанидеги иш чаралардын борбору болду.

Кыргызстаныбыздын эл аралык аброюн бекемдедик.

Эки жыл бою аймактарга астейдил көңүл бурдук.

Айыл турмушундагы өзгөрүүлөрдү элеттиктер сезгенде гана максатыбызга жеттик десек болот.

Ошондуктан, бул багыттагы иштер 2020-жылы да уланат.

2019-жылы калкка кызмат көрсөткөн баардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү башталды.

Кемчиликтер дагы да арбын.

Бирок, биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз.

Анын негизги максаты — коррупцияны азайтуу, жаңы технологияларды колдонуу менен элдин турмушуна ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Өтүп бараткан жылы кыйынчылыктарды чогуу жеңип, өлкөнү өнүктүрүү үчүн бирге аракет кылдык. Сиздердин ар бириңиздерге ыраазылык билдирем.

Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл.

Балдарыбыздын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу — көңүл борборундагы маселе. Мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз.

Ушул максатта 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыялоону чечтим.

Уважаемые соотечественники!

Искренне поздравляю Вас с Новым — 2020 годом!

Желаю каждой семье, каждому из вас здоровья, счастья, успехов и радости.

Пусть исполнятся все ваши самые светлые мечты.

В уходящем году в стране произошли значительные события.

Регионы получили ощутимый импульс для развития.

Идет полномасштабная цифровизация страны.

Мы укрепили международный имидж Кыргызстана.

В этом году Бишкек стал центром крупных межгосударственных событий.

Мы успешно провели председательство в ШОС, ОДКБ и Тюркском совете.

Состоялись прорывные визиты в Кыргызстан лидеров России, Китая, Индии и Казахстана.

Кыргызстан впервые избран полноправным членом Исполкома ЮНЕСКО.

Дорогие сограждане!

Провожая старый год, хочу подчеркнуть, что все достигнутое — это результат вашего каждодневного труда, ваших усилий.

Спасибо вам за вашу поддержку, дорогие соотечественники!

Позитивные изменения уходящего года будут продолжены и в Новом году.

Наряду с этим особое внимание будет уделено нашим детям.

Убежден, объединяя наши усилия, мы обеспечим достойную жизнь каждому ребенку.

В этих целях Новый 2020 год решил объявить „Годом развития регионов, цифровизации страны и поддержки детей“.

Забота о детях — это самое благородное, что мы можем сделать в этой жизни.

С Новым годом вас, дорогие кыргызстанцы!

Ардактуу элим!

Жаңырган жылда Жараткандан жакшылык тилейли.

Элибиз аман, журтубуз эсен, коомубузда ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!

Кампабыз данга, дасторконубуз нанга толсун. Ырыскыбыз мол болсун.

2020-жыл баарыбыз үчүн ак жолтой жыл болсун.

Жараткан Кудай Өзү колдоп, сүйүктүү Кыргызстаныбыз өнүгүп өссүн.

Жаңы жылыңыздар менен!».

Комментарии

Оставить комментарий