Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “TUU media” компаниясы менен биргеликте өлкөнүн жети дубанын камтыган ири музыкалык турду баштады.
Ведомстводон билдиришкендей, долбоор заманбап кыргыз музыкасын жайылтуу жана жаш таланттарды колдоо максатында уюштурулууда.
"Бул маданий иш-чара президенттин инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана улуттук наркты сактоо тууралуу жарлыктарынын алкагында ишке ашууда", - деп айтылат маалыматта.
Сахнада жаштардын сүйүктүү аткаруучулары: Bakr, Бегиш, Баястан, Freeman 993, Aftok, Era, 7Gen, AGA-INI жана башка таанымал жылдыздар өнөр көрсөтүшөт.
Концерттердин графиги:
- 20-май – Баткен шаары (А. Сапаров атындагы стадиондо өттү);
- 26-май – Ош шаары;
- 2-июнь – Манас шаары;
- 8-июнь – Талас шаары;
- 17-июнь – Нарын шаары;
- 23-июнь – Каракол шаары;
- 30-июнь – Бишкек шаары (Т. Усубалиев атындагы эски аянт).
Концерттер көрүүчүлөр үчүн толугу менен акысыз болот. Коопсуздук чаралары жергиликтүү бийлик тарабынан толук камсыздалат.