Жүргүнчүлөрдүн эсине: Бишкекте №43 автобустун жүрүү багыты өзгөрдү

Коом Загрузка... 20 Май 2026 09:10
701708443_1459534982889018_2562817691520760081_n.jpg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-майдан тарта Бишкектеги №43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

Жаңыланган жүрүү схемасына ылайык, каттам Мурас-Ордо, Школьная, Махатма Ганди, Бейшеналиева, Токтогул, Фучик көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары жана Чүй проспектиси аркылуу өтөт.

703394230_1459534999555683_7775309802323853368_n