Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат

Спорт Загрузка... 24 Май 2026 13:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. Күн мурун "Жаштык” арена спорт комплексинде көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты башталды.

Салтанаттуу ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана федерациянын өкүлдөрү катышты.

Амангелдиев өз сөзүндө катышуучулар өздөрүнүн чеберчилигин гана корсөтпөстөн , бүтүндөй өлкөнүн намысын коргой турганын белгилеп, бул жоопкерчиликтүү таймашта ийгиликтерди каалады.

Мелдештер юниорлор арасында 21-жолу, ал эми сениорлор арасында 17-жолу уюштурулуп, Азиянын 19 өлкөсүнөн келген 200гө жакын гимнаст катышып жатат. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Монголия, Малайзия, Сингапур, Филиппин, Лаос, Тажикстан жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү бар.

Эскерте кетсек, Азия чемпионатында мыкты жыйынтык көрсөткөн гимнасттар Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Мелдештер 26-майга чейин уланат.