Жөө өтмөктүн курулушу: Түштүк магистралдын бир бөлүгү эки жумага жабылат

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында 9-июндан 23-июнга чейин Абсамат Масалиев проспектисинин (Нават чайканасынын жанындагы) бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөөлөр жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн куруу иштерине байланыштуу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.