Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. 27-31-майда Бишкекте "Оймо-2026" XX эл аралык юбилейлик фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Фестиваль 2006-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк багытындагы ири маданий иш-чаралардын бири болуп саналат жана улуттук мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана дүйнөлүк маданий мейкиндикте жайылтуу максатын көздөйт.
Анын алкагында көргөзмө-жарманкелер, илимий жана маданий иш-чаралар, мастер-класстар, чыгармачыл жолугушуулар жана этномаданий программалар уюштурулат. Иш-чарага Кыргызстандан жана чет мамлекеттерден келген кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр, дизайнерлер жана маданият өкүлдөрү катышып, өз эмгектерин сунушташат.
Мындан тышкары, фестиваль салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө, чыгармачыл тажрыйба алмашууга, эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого жана этномаданий баалуулуктарды жайылтууга өбөлгө түзөт.
Эл аралык фестиваль жыл сайын Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп келет.