Кыргызстанда жаратылыш жана унаа кырсыктарынан жабыркаган жарандарга мамлекет тарабынан төлөнгөн кенемтенин жалпы суммасы 2026-жылдын башынан бери 150 млн сомдон ашты. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдиргендей, каражаттын басымдуу бөлүгү унаа кырсыктарынын кесепеттерине жумшалды. Экинчи орунда турак жай үчүн берилген төлөмдөр турат. Учурда өлкө боюнча унаалардын 80 пайызы, турак жайлардын 30%дан ашыгы камсыздандырылган. Эксперттер система жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн жана аны кеңири жайылтуу зарылдыгын белгилешүүдө.
Кыргызстандын аймагынын 90 пайыздан ашыгы тоолуу экени маалым. Тоо шартында жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиги жогору жана жарандар үчүн социалдык-экономикалык кесепети оор. Абалды климаттын глобалдык өзгөрүүсү курчутууда. 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинен сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өсүп, жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 млн АКШ долларын түздү. Экинчи тобокелдик унаа кырсыктарына байланыштуу. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жылына 8 жарым миңдей унаа кырсыгы катталып, бул рекорддук көрсөткүч экени белгиленип келет.
Кесепеттүү окуялардын көбөйүшү өкмөттү олуттуу чараларды көрүүгө мажбур кылууда. 2016-жылы 50 млн сом уставдык капиталы менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөн. Уюм 2024-жылы президенттин Иш башкармалыгына өтүп, капиталы 1 млрд сомдон ашты. Бул каражат сел, суу каптоо, жер көчкү, өрт алааматы, унаа кырсыгы баштаган кыйратуучу окуялардан жабыркаган үй-жай, унаа-транспорттордун чыгымын жабууга жумшалып келет.
Учурда эки түрдөгү камсыздандыруу милдеттүү деп мыйзам менен бекитилген. Алар — турак жайды жана унааларды камсыздандыруу (ОСАГО). Кыргызстан боюнча 1 млн 300 миңге жакын турак жай катталса, алардын 30 пайыздан ашыгы камсыздандырылган. Ал эми унааларды айта турган болсок, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 1 млн 700 миңден ашуун унаа катталса, алардын 80 пайызга чукулу ОСАГО полисин алган. Анын 20 пайызын Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берсе, калганы өлкөдөгү 18 жеке камсыздандыруу компаниясы аркылуу жүргүзүлгөн.
Камсыздандырылгандарга 2026-жылдын ушул маалына чейин мамлекет 150 млн сомдон ашык компенсация төлөп берди.

Мында, айылдыктар үй-жайын камсыздоо үчүн бир жылга 600 сом төгүп, кырсыктан жабыркаган учурда мамлекеттен 500 миң сомго чейин компенсация алып жатышат. Ал эми шаарда эки эсе жогору. Демек, камсыздандыруу аркылуу жарандар чоң чыгымдарын алдын ала жаап жатышат. Жарандардын жылдык камсыздандыруу төгүмү жана мамлекеттин кенемтесинин суммасы төмөнкүдөй:

Эгерде үй жарым-жартылай жабыркаса, төлөмдүн суммасы келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша атайын комиссия тарабынан эсептелет.
Ал эми унааны камсыздандыруу “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” (ОСАГО) мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Кыргызстанда жеңил унаалар үчүн полистин орточо баасы жылына 2 000-3000 сомдун тегерегинде. Ал эми кенемте кырсыктын кесепетине жана зыяндын түрүнө жараша аныкталат. Эреже боюнча бир жабырлануучунун унаасына келтирилген зыян үчүн 150 миң сомго чейин төлөнөт. Эгер бир кырсыкта бир нече адамдын унаасы жабыркаса, жалпы берилүүчү сумма 450 миң сомго чейин болот.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдердин саны дээрлик эки эсеге өсүп 3,2 миллионго жетсе, милдеттүү камсыздандыруу сегменти 185 пайызга өскөн. Ал эми чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрү 94,3 пайызга көбөйүп 10, 76 млрд сомду түздү. Бул сандык көрсөткүчтөр жүргүзүлуп жаткан реформалардын натыйжасы экенин экономист Кубан Чороев билдирди.

“Камсыздандыруунун маңызы жөнөкөй: ар бир адам же ишкана өз-өзүнчө көтөрө албаган жаратылыш кырсыгы, өрт апааты, унаа кагылышуусу сымал тобокелдиктер миңдеген катышуучунун ортосунда бөлүштүрүлөт.
Биринчиден, камсыздандыруу экономиканын амортизатору, кырсык болгондо ишкана же үй-бүлө банкротко учурабай, ишин улантат. Бул жумуш орундарын жана салык базасын сактайт. Экинчиден, жыйналган төгүмдөр узак мөөнөттүү инвестициялык ресурска айланып, мамлекеттик баалуу кагаздарга, банк системасына жана инфраструктурага агылат. Үчүнчүдөн, бул бюджетке түз салык кирешеси. 2025-жылы камсыздандыруу уюмдары бюджетке 340,8 млн сом салык төлөшкөн, ал эми алардын жалпы таза пайдасы 1,22 млрд сомду түзгөн.
Дагы бир жагдай, камсыздандыруу бюджеттик жүктү азайтат. Апаат болгондо мамлекет ар бир жабырлануучуга компенсация издөөгө мажбур болбойт. Камсыздандыруу тармагы каржы системасынын коопсуздук жаздыгы катары иштейт. Ал эми карапайым калк күтүлбөгөн чыгымдан жапа чекпейт. Ар кимден акча сурабай, өзү төлөгөн полистин негизиндеги укукка таянат”, - деди экономист Кубан Чороев.
Учурда камсыздандыруу ишмердигин дагы да жакшыртуу сунуштары каралууда. Алсак, учурда бир жол кырсыгы үчүн жалпы төлөмдүн эң жогорку чегин 1 миллион 50 миң сом деп чектөө сунушталууда. Андан тышкары Жогорку Кеңеш айыл чарбасында камсыздандыруу программасын киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун каралары күтүлүүдө. Бул фермерлерди эгин жана мал тобокелдигинен коргоого багытталган.