Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Депутат Махабат Мавлянова бюджетти сарамжалсыз колдонгондорго жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Депутаттын айтымында, Эсептөө палатасынын отчетунан ар бир министрлик эбегейсиз сумманы орунсуз короткону белгилүү болгон. Айрымдар акчаны максатсыз колдонуп билинбей калып жатса, башкалары камалып кайра чыгышууда.
“Ошондуктан мындай иштерге ар бир министрден айыл өкмөттөрүнө чейин жетекчилик кызматтагылар жооп берсин. Жаңы кызматка келгенде Эсептөө палатасы тарабынан окутулсун. Акчаны кармайсың жана жоопкерчиликтүү мамиле кыласың деп милдеттендирилсин. Мекеменин аудиторлору туш келген бир министрликти алып, аутсорсингге текшертип көрсүн. Ошондо бизди текшерет, тескери көрүнүштөр чыгып калбасын деп жоопкерчиликтүү мамиле жасоого өтүшөт. Алар текшерсе мындан да көп каражаттарды таап чыгышмак. Жыл сайын миллиарддаган каражаттар жок болуп кетүүдө. Кайда кетип жатканы белгисиз”, — деди Мавлянова.