Кара-Кулжада дагы бир заманбап спорт зал пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 23 Май 2026 20:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында жаңы, заманбап спорт зал пайдаланууга берилди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкенде, долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25,4 млн сом бөлүнгөн.

Ачылыш аземинде Аманкан Кенжебаев сөз сүйлөп, жаңы спорт объектинин ачылышы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаштардын саламаттыгын чыңдоого жана спортту өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы болоорун баса белгиледи.

Бул спорт зал Кара-Кулжа районунун тургундары, өзгөчө жаштар үчүн сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, ден соолугун чыңдоого жана спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгууга чоң мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Биймырза айылында дагы спорт комплекси ачылган.