Касымалиев: КМШ – көп тараптуу кызматташуунун маанилүү аянтчасы

Министрлер кабинети Загрузка... 23 Май 2026 10:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышты.

Касымалиев жыйында сүйлөгөн сөзүндө КМШнын 35 жыл ичинде шериктештик көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп калганын белгиледи.

"Бүгүнкү күн тартиби КМШ көп тараптуу кызматташуунун уникалдуу аянтчасы болуп калаарын көрсөтүп турат - экономика жана транспорттон экология, технология жана гуманитардык долбоорлорго чейин. Мындан аркы өз ара аракеттенүү өнөктөштүктү бекемдөөгө, биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө жана биздин жалпы тарыхый жана маданий мурасыбызды сактоого көмөктөшөт деп ишенем. Шериктештиктин экономикалык күн тартиби позитивдүү багыт болуп саналат. Өз ара соода, өнөр жай кооперациясы, инвестициялык байланыштар өсүүдө. Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2025-жылы 7 млрд доллардан ашып, 2024-жылга салыштырмалуу 9%дан ашык өстү", - деди ал.

Кызматташтыкты өнүктүрүү контекстинде минкаб төрагасы биргелешкен күч-аракеттерди өз ара соода шарттарын жакшыртуу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана бизнес чөйрөнүн алдын ала билгичтигин жогорулатуу, өнөр жай кооперациясын жана кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү, транспорт коридорлорун бекемдөө, тышкы соода операцияларын санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга топтоонун маанилүүлүгүн билдирди.

Ошондой эле Касымалиев кыргыз тарап КМШга мүчө мамлекеттердин аймактары аркылуу өткөн негизги транспорттук артерияларды бириктирүү Концепциясын кабыл алууну колдой турганын белгиледи.

"Өзгөрүлүп жаткан геосаясий чөйрөдө альтернативалык жолдор, ишенимдүү транзит, өнөктөштөрдүн макулдашылган аракеттери өзгөчө баалуу болуп баратат. Буга байланыштуу мен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баса белгилегим келет", - деди ал. 

Минкаб төрагасы ошондой эле уран казуу иштеринин натыйжасында жабыр тарткан аймактарды рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык максаттуу программанын жыйынтыктарына токтолду. Ал программаны ишке ашырууга салым кошкон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Касымалиев Кыргызстанда быйыл маанилүү эл аралык иш-чаралар – Ысык-Көл эл аралык мааракелик 40-форуму жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн белгилеп, КМШга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүн иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда документтерге кол коюу аземи болду.