КМШ форуму: Айтматовдун чыгармачылыгындагы Казакстан тууралуу баяндама сунушталат

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 18:10
WhatsApp Image 2026-06-09 at 17.14.11.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. КМШ мамлекеттеринин илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын XIX форумунда жаңы маалыматтар камтылган “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы Казакстан” аталган баяндама жасай турганын, Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору Сауытбек Абдрахманов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган форум улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык катары өткөрүлүүдө.

“Мындан 35 жыл мурда, 1991-жылдын аягында Казакстандын ошол кездеги борбору Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги түзүлгөн. Ошондон бери бул Шериктештиктин алкагында маданий карым-катнаш боюнча көп жумуштар аткарылууда. КМШ алкагында форум байма-бай өткөрүлүп турат. Быйыл Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте XIX форум өтүүдө. Мында мага жакын көптөгөн маселелер каралып жатат. Алардын бири болгон мага жакын тема белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык.
Мен Айтматов менен баарлашуу бактысына ээ болдум, журналист катары үч жолу интервью алдым. Алдыда 2028-жылы Ч. Айтматовдун 100 жылды белгинет. Мага “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы Казакстан” деген темада баяндама жасоо сунушталган. Баяндамамды даярдап келдим, коомчулук жакшы кабыл алат деп ишенем. Анткени, ал жерде жаңы маалыматтар бар”,- деди Абдрахманов.

Эскерте кетсек, Бишкекте 2 күнгө созулган КМШ мамлекеттеринин илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын XIX форуму өтүүдө. Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовго арналган чыгармачыл жолугушуу болоору маалым.