Мамкатчы жаштар илимин колдоого жана маданий мурастарды санариптештирүүгө чакырды

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 22:00
WhatsApp Image 2026-06-09 at 12.38.26 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форумунун пленардык жыйынында интеллигенция өкүлдөрүн элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды чыңдоого салым кошууга үндөдү.

Ал ошондой эле КМШ өлкөлөрүн жаштар илимин колдоого, жалпы маданий мурастарды санариптештирүүгө жана чыгармачыл индустрияларды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө чакырды.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө катышуучуларды өлкө жетекчилигинин атынан куттуктап, форум маданият, илим жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты бекемдеп, Евразия мейкиндигиндеги гуманитардык диалогду өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.

Ал Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” мамлекеттик доктринасы тууралуу айтып, туруктуу өнүгүүнүн негизи руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктар экенин баса белгиледи.

Ошондой эле мамлекеттик катчы КМШнын 35 жылдык мааракесинин жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алдыдагы 100 жылдыгын өткөрүүнүн өзгөчө маанисине токтолду.

Улуттук мурасты сактоо менен дүйнөгө ачык болуу, муундардын тажрыйба алмашуусун камсыздоо жана маданият менен илимди гуманитардык дипломатиянын негизги куралы катары өнүктүрүү деп аталган өлкөбүздүн үч негизги артыкчылыгын белгиледи.