Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 25 пайызга өсүп, көрсөткүч өлкөнү Евразия экономикалык биримдигинде биринчи орунга чыгаргандыгы ЕАЭБ статистикасында маалымдалды.
Ал эми экинчи орунду Казакстан ээлеп, аталган өлкөдө жумуртка өндүрүү 9,5 пайызга көбөйгөн.
ЕАЭБ боюнча жалпы орточо өсүш үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 2,7 пайызды түздү.
Буга чейин жыл башында өсүү темпи боюнча лидерликти 12,5 пайыз менен Армения, экинчи орунду Кыргызстан ээлеп келген.
Эскерте кетсек, ЕАЭБге Россия, Беларусь, Казакстан, Армения жана Кыргызстан өлкөлөрү кирет.