Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте тарыхый окуя болду – органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча алгачкы эл аралык симпозиум өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстандын дарыгер-нефрологу Мира Исаева айтып берди.
Анын айтымында, уюштуруучулар боор, бөйрөк, жилик чучугу жана жүрөктү трансплантациялоо тармагындагы дүйнөнүн алдыңкы адистерин чакырууга жетишишкен.
"Бизге трансплантация тармагындагы атактуу лидерлер келишти", – деп белгиледи ал.

Симпозиумдун ардактуу конокторунун бири – Кыргызстандагы трансплантологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Олег Калачик болду. Ал 2011-жылы өлкөгө Беларусь мамлекетинен келген адистер менен бирге келген. Ал убакта Беларуста тирүү донордон да, көз жумган (труптук) донордон да органдарды трансплантациялоо кеңири өнүккөн эле. Олег Калачик акысыз негизде алты дарыгерден турган топту уюштуруп, натыйжада 2012-жылдын 19-июнунда эле Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган.
"Бул топко 10 жашар бала да, 65 жаштагы карыя да, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздигине алып келген ар кандай оорулары бар бейтаптар кирген. Ошондон бери 14 жылдан ашык убакыт өттү. Алар чоңоюшту, үй-бүлө курушту, бала-чакалуу болушту жана качандыр бир кезде ушундай операцияны баштан кечиришкендерин дээрлик унутуп да калышты. Бүгүн алар бактылуу жана өздөрүнүн дарыгери менен жолугушууга келишет", – деди Исаева.
Ал ошондой эле Кыргызстандын Түркия менен кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, өз ара аракеттенүү 2014-жылы, белгилүү түрк профессору Мехмет Хаберал Стамбулдагы ири эл аралык конгресске беш миң дарыгерди, анын ичинде кыргызстандык адистерди чакырганда башталган. Ошондо профессор Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн башын бириктирип, аларды тыгыз кесиптик кызматташууга чакырган.
2014-жылдын 5-декабрында Мехмет Хаберал Бишкекке бир күндүк иш сапары менен келип, мамлекеттик клиникалардын, анын ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, ошондой эле башка медициналык мекемелердин иши менен таанышкан. Иш сапардын алкагында Кыргыз-Орус Славян университети менен Башкент университетинин ортосунда меморандумга кол коюлган.

Мира Исаева 2014-жылдан бери Олег Калачик менен Мехмет Хаберал кыргызстандык дарыгерлерге билим алуу жана тажрыйба алмашуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришкенин белгиледи.
Ошол эле жылы Мехмет Хабералдын жетекчилиги астында Түрк тилдүү мамлекеттердин трансплантологдор ассоциациясы түзүлгөн. Алгачкы конгресс Астанада, экинчиси Бакуда, үчүнчүсү Ташкенде өтсө, 2026-жылы бул эл аралык форумду кабыл алуу кезеги Кыргызстанга келди.
Исаева коңшу Өзбекстанда трансплантология бир топ алдыга жылганын баса белгиледи. Ал жакта бири-бирине шайкеш келбеген донорлордон да бөйрөк алмаштыруу операциялары жасалат, ал эми мыйзамдары жубайлардын ортосунда трансплантация жасоо мүмкүнчүлүгүн карайт.

Адистин айтымында, бүгүнкү күндө өзгөчө көңүл боорду трансплантациялоону өнүктүрүүгө бурулууда. Кыргызстанга гепатоцеллюлярдык рак оорусунда боорду көчүрүүнүн заманбап ыкмаларын тааныштыруу үчүн атайын эл аралык баяндамачы чакырылган.
Мира Исаева ошондой эле дүйнөлүк практикада органдарды трансплантациялоо жогорку өнүгүү деңгээлине жеткенин айтып берди. Алсак, Стамбулда ал кайчылаш (кайтарымдуу) донордук программаларына күбө болгон, мында ар кайсы өлкөлөрдүн үй-бүлөлөрү бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн өз ара донорлору менен алмашышат.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн органдарды трансплантациялоону өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү өзгөчө маанилүү", – деп баса белгиледи ал.
Дарыгердин айтымында, дал ушул себептен улам симпозиумга Түркиядагы трансплантологиянын мыйзамдык тутумунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана органдарды сатууга жана коммерциялык трансплантациялык туризмге каршы багытталган Стамбул декларациясынын туруктуу жактоочусу болгон Мехмет Хаберал чакырылган.
Исаева ошондой эле президент Садыр Жапаровго трансплантациялык кызматты өнүктүрүүнү колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысынын 2023-жылы Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында боорду трансплантациялоо боюнча алгачкы операциялардан кийин кабыл алган чечимдери бул тармактын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берди.

Белгилей кетсек, президент операцияларды каржылоо маселесине өзгөчө көңүл бурган. Эгерде чет өлкөлөрдө бөйрөк трансплантациясы 25 миң доллардан ашык, Беларуста 65 миң доллардын тегерегинде болсо, ал эми боорду алмаштыруу 300 миң доллардан ашып кетсе, Кыргызстанда бул операциянын баасы 10 миңден 7,5 миң долларга чейин төмөндөтүлгөн.
Муну менен катар, дарыгер Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн эбегейсиз колдоону өзгөчө белгиледи. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору заманбап жабдыктар менен жабдылгандыктан, өлкөдө алгачкы боор трансплантациялары ийгиликтүү ишке ашырылды. Бейтаптардын бири буга чейин ооруканадан чыгарылган, ал эми ага өзүнүн 20 жаштагы уулу донор болгон, учурда анын абалы жакшы.
"Кесиптештерибиз үчүн ичибизден кубанып жатабыз. Жаш адистер кадам сайын тажрыйба топтоп, командаларды түзүп, жогорку жоопкерчилик менен иштеп жатышат", – деди Исаева.
Ал билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлиги бир гана операцияларды жасоого эмес, бейтаптарды трансплантацияга чейин жана андан кийин коштоп дарылоого (көзөмөлдөөгө) басым жасоону пландаштырууда.
Буга чейин Кыргызстандын көптөгөн жарандары Индияга жардам сурап кайрылууга аргасыз болушуп, ал жакта олуттуу каржылык кыйынчылыктарга, тил барьерине жана операциядан кийинки көзөмөлдүн жоктугу сыяктуу көйгөйлөргө туш болушкан. Жакында Саламаттык сактоо министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын, бейтаптардын жана тармактык адистердин катышуусунда тегерек үстөл өткөрүп, анын жыйынтыгында бул тармакты андан ары өнүктүрүүнүн планы иштелип чыккан.
Өзгөчө баса белгиленгендей, негизги долбоорлордун бири – Кыргызстандын трансплантологдор ассоциациясын түзүү болмокчу. Анын базасында жаш адистерди – иммунологдорду, патоморфологдорду, интервенциялык гепатологдорду жана радиологдорду даярдоо үчүн билим берүү мектебин ачуу пландалууда.

Мындан тышкары, Исаева Кыргызстандын көптөгөн хирург-трансплантологдору өздөрүнүн жеке үлгүсүн жана донорлук идеяларына берилгендигин көрсөтүп, каза болгон учурда органдарын муктаждарга керээз кылып (акысыз калтырууга) расмий түрдө макулдук беришкенин баса белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстан чет элдик борборлор кетирген каталарды кайталабаш үчүн бул чөйрөдөгү мыйзамдарды реформалоого абдан кылдат жана өлчөп-бычып мамиле жасоону көздөп жатат.
"Бүгүнкү симпозиум – бул жөн гана кесиптештердин жылуу жолугушуусу эмес. Бул практикалык маселелерди талкуулай турган, эл аралык тажрыйбаны үйрөнө турган жана ар кайсы өлкөлөрдө трансплантация кандай уюштурулганын салыштыра турган олуттуу жумушчу аянтча", – деп белгиледи дарыгер.

Симпозиумдун алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Азербайжан, Грузия, Беларусь жана башка өлкөлөрдөн келген делегацияларды да кабыл алды. Азербайжандын өкүлдөрү Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (ГКНБ) госпиталынын базасында органдарды трансплантациялоо операцияларын өткөрүү тажрыйбасы менен бөлүшсө, Грузиянын делегациясы тирүү жана көз жумган донорлордон боор жана бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү тууралуу айтып беришти.
Сөзүнүн соңунда Мира Исаева Кыргызстанда трансплантологияны өнүктүрүү мындан ары да уланарына жана эл аралык кызматташтык ата мекендик медицинаны жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берерине ишеним билдирди.