Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары мамлекеттик сый акылары жөнүндө" мыйзамдын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 88 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуштоонун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
Жобо тиркелет.