Ошто камактагы жаран кыйноого кабылганын айтып, акыйкатчыга кайрылды

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 17:50
л.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Ошто №25 тергөө абагында кармалып жаткан жаранга психологиялык жана физикалык зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу арыз түштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июнда социалдык тармактар аркылуу жактоочу Ж. К. Акыйкатчыга кайрылып, камактагы А. у. Т. аттуу жарандын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканын билдирген.

Ошол эле күнү акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлдөрү аталган тергөө абагына барып, жаран менен жеке жолугушкан. Маектешүү учурунда А. у. Т. аталган №25 мекеменин жетекчисинин орун басары тарабынан ага карата түз укук бузуулар, тагырак айтканда, психологиялык басым жана физикалык зомбулук көрсөтүлгөнүн айткан. Ал акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын атына өзүнүн жеке коопсуздугун коргоп берүү өтүнүчү менен расмий арыз жазды.

Акыйкатчы институту арызда көрсөтүлгөн фактылар боюнча тез арада текшерүү жүргүзүүнү жана абак жетекчилигинин аракеттерине укуктук баа берүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага расмий кат жолдоду.

Ошондой эле ырайымсыз мамиленин жана уруп-согуунун белгилерин расмий документтештирүү (медициналык кароодон өткөрүү) үчүн Ош шаарынын саламаттык сактоо боюнча координаторуна шашылыш кайрылуу жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, А. у. Т. 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. Ал Ноокат райондук соту тарабынан кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана пара талап кылуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Учурда анын иши боюнча укуктук коргоо иштери уланууда.