Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген делегация Франциянын Нант шаарында курулуп жаткан заманбап медициналык шаарчанын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз тарапка жалпы аянты болжол менен 130 миң чарчы метрди түзгөн ири көп тармактуу медициналык комплекстин долбоору көрсөтүлдү. Ал 2400 орундуу күнү-түнү иштей турган стационарды жана 500 орундуу күндүзгү стационарды камтыйт.
Медициналык шаарча заманбап дарылоо корпустарын, диагностикалык борборлорду, операциялык жана реанимациялык блокторду, ошондой эле шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн тик учак конуучу аянтчаны камтыйт. Мындан тышкары, корпустардын ортосунда жашыл зоналар, бейтаптар, дарыгерлер жана шаар тургундары үчүн сейилдөө аймактары каралган.
Кыргыз делегациясы заманбап медициналык комплекстерди курууда колдонулган архитектуралык жана инфраструктуралык чечимдер, ошондой эле көп тармактуу жогорку технологиялык медициналык жардамды уюштуруу ыкмалары менен жакындан таанышты.
Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, Франциядан алынган бул тажрыйба жана сунушталган заманбап чечимдер Бишкек шаарында медициналык шаарча куруу пландарын ишке ашырууда жана ата мекендик саламаттык сактоо системасын мындан ары модернизациялоодо практикалык түрдө кеңири колдонулат.