Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Ак-Суу районуна караштуу Шахта–Жыргалаң унаа жолундагы көпүрө калыбына келтирилүүдө.
"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жолдун 7,3-чакырым аралыгындагы көпүрө селдин кесепетинен жабыркаган.
"Жерине атайын техникалар тартылып, жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз каттамын камсыздоо максатында тазалоо, түздөө жана калыбына келтирүү жана унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн тиешелүү иштер аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.