Чукул билдирүү: 13-июлга чейин сел коркунучу сакталууда

Коом Загрузка... 09 Июль 2026 12:50
722224128_3870495299760307_2499006146472323738_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу узартылды. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө. Мындан улам айрым жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

"Коопсуздук эрежелерин сактоого, сел кооптуулугу бар аймактарда этият болууга жана зарылчылык болбосо тоолуу жолдорго чыкпоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.