Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. Вьетнамдын Да Нанг шаарында спорттук күрөш боюнча өтүп жаткан U-23 Азия чемпионатында Кыргызстандык балбандар ийгиликтүү катышууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, учурда Кыргызстандын 6 балбаны байгелүү орундарды ээледи.
Анын ичинде алтын медалдын ээлери:
- Ырыскелди Хамзаев 72 кг чейин;
- Эрлан Марс уулу 82 кг чейин;
- Нурболот Токтогонов 130 кг чейин.
Күмүш медаль ээси:
- Жеңиш Жумабеков 97 кг чейин
Коло медаль ээлери:
- Нуристан Суеркулов 60 кг чейин;
- Баяман Каримов 67 кг чейин.
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан мелдештер 31-майга чейин уланат.