Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Мас абалындагы айдоочунун унааны башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга унаасын айдоого берүүсү үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамында айтылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурлан Ниязбеков белгилегендей, жаран мас абалында жол кырсыгынын катышуучусу болуп, анын кесепетинен адамдар оор жаракат алса же өмүрү кыйылса, тосмо арыз да, пробация да жардам бербейт. Мында айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн да, эркиндигинен да ажыратылат.
Ошондой эле жаран айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган учурда жаза мөөнөтү каралат. Ошол мөөнөт бүткөн соң гана айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу үчүн белгиленген убакыт эсептелинип баштайт.
“Эркиндикке чыккандан кийин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу мөөнөтү башталат. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кезде ал убакыт каралбайт”, — деди Ниязбеков.