Жазгы үч айлык: Ошто ишембилик өткөрүлүп, 288 куб таштанды чыгарылды

Аймак Загрузка... 24 Май 2026 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын аймагында жазгы үч айлыктын алкагында кезектеги ишембилик өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпы ишембиликте көчөлөр иретке келтирилип, ирригациялык арыктар тазаланып, шаар аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында бак-дарактарды актоо, көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү.

Ишембиликке мекеме-уюмдардын кызматкерлери, айылдык жана муниципалдык аймактык башкармалыктар, жергиликтүү тургундар катышып, шаардын тазалыгын сактоого өз салымдарын кошушту.

Жалпы ишембиликке 18 577 жаран катышып, 104,7 гектар аймак тазаланып, 288 куб таштанды чыгарылды.