Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынып, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт. Ошондой эле, эмгек процессинде кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы мамилелердин бирдиктүү тартибин камсыз кылууга жана жумуш орундарында коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.
Мыйзамда өз кезегинде жаңы редакциядагы Эмгек кодексинен алып салынган жана мурда 2004-жылдагы Эмгек кодексинде каралган эмгекти коргоонун ченемдери камтылган (Аталган кодекс 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен колдонууга киргизилген).
Жалпысынан, бул мыйзам эмгекти коргоо ченемдерин жана стандарттарын сактоону натыйжалуу көзөмөлдөөнүн укуктук негизин түзөт, ошондой эле эмгек шарттарынын абалына иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн шарттарды жаратат.