Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. 16-апрелде Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объекттерине ичүүчү суу берилбейт.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Лермонтов көчөсү – темир жол линиясы – Аламүдүн суусу – Чүй проспектиси;
- Аламүдүн суусунан Жибек Жолу проспектисине чейин, Жибек Жолу проспектиси – Никитин туюк көчөсү;
- Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсү Тери заводуна чейин;
- Аламүдүн суусу менен түштүккө карай Чоң Чүй каналына чейин;
- ЧЧКдан чыгышка карай Бакай-Ата жаңы конушуна чейин;
- Лебединовка айылы: Калинин көчөсү, Лермонтов көчөсү аркылуу ЧЧКга чейин.
Белгиленгендей, суу берүү "ККСК" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.