Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бүгүн 2026-жылдагы ФИФАнын дүйнөлүк чемпионаты башталат.
Спорт экспресс басылмасынын маалыматына ылайык, турнирдин расмий ачылышы Мехико шаарында башталат. Бул күнү Мексика - Түштүк Африка беттеши Мехико-Сити стадионунда өтөт. Арена буга чейин эки дүйнөлүк чемпионаттын беттешин: 1970 жана 1986-жылдары өткөргөн.
Кийинки күндөрү шоу программа Канада жана АКШда өтөт.
12-июнь - Торонто жана 13-июнь - Лос-Анжелес.
ФИФА муну дүйнөлүк чемпионаттын тарыхындагы биринчи ушундай аземдер сериясы деп атап жатат. Бул күйөрмандар үчүн ачылыш азем 11-июнда аяктабайт дегенди билдирет. Кийинки күндөрү турнир Канада жана АКШнын улуттук курама командаларынын ортосундагы беттештер менен уланат.
Турнирди биринчи жолу үч өлкө - Мексика, Канада жана Америка Кошмо Штаттары өткөрөт. Чемпионатка 48 команда катышып, 104 беттеш орун алат.