Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Бүгүн, 17-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, ал эми Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда: +9...+14°C;
- Талас облусунда: +8...+13°C;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: +13...+18°C;
- Ысык-Көл облусунда: +11...+16°C;
- Нарын облусунда: +10...+15°C.
Бишкек шаарында абанын температурасы +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.