Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Жакында эле Кочкор районунда аймактагы адаттан тыш маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү болду. Аза күткөн үйдө мал союлуп, казан асылган жок. Сөөк ээси райондук имам — Жеңишбек Арзымкожоев. Ал мындай чечимди кесиптик көз карашына жана өлкөдө ысырапкерчиликти азайтуу боюнча демилгелерге таянып кабыл алганын айтат.
“Жамандык болгондо үй ээси маркумду эмес, келген-кеткенди ойлоп калат. Бизде түнкү, күндүзгү конок деген болгон жок. Президенттин ысырапты токтотуу тууралуу чакырыгына ылайык, кан чыгарган жокпуз”, - дейт ал.
Маркум 88 жашка чыгып дүйнө салды. 11 баланы тарбиялап өстүргөн. Кыргызстандын булуң-бурчунан куда күтүп, чоң журтка айланган. Буга карабастан үй-бүлө эл эмне дейт деген түшүнүккө алдырбай, ашыка чыгымга барбоону туура көрдү. Бирок бул чечим дароо кабыл алынган эмес. Чоң апасы ооруп жатканда эле үй-бүлөдө бул маселе көтөрүлүп, мал сойбоо чечими ич ара кабыл алынган.
“Жээк-жат, тууган-уругу, айыл аксакалдары бар. Көп учурда уялганынан союлат. Биз баарыбыз акылдашып, үч илик беш, жети илик, кыркы дебей эле бир жолу куран окутуу менен чектелели дедик. Кабар бергенде да, эртең мал союлбайт, жаназага ылайыктап келгиле деп алдын ала айттык”, - дейт Жеңишбек Арзымкожоев.
Бүгүнкү күндө өлкөдө ысырапкерчиликти азайтуу маселеси курч бойдон калууда. Айрыкча жамандык-жакшылыкта элден калбайын деген атаандаштык күчөп, дасторкон ашыкча жайылып, чыгым көбөйүүдө. Айрымдар салт бузбай, каада кармайм деп, белчесине чейин карызга батып кеткен.
“Мага ыйлап келген жаш жигит болду. Атасын узатууда туугандары эл эмне дейт, биз төлөшөбүз деп эки бодо сойдурган экен. Бирөөсүн төлөп беришкен, экинчиси жигиттин мойнунда калыптыр. Башка чыгымдар кошулуп отуруп, ал жигит чоң карызга батып, Россияга иштегени кетүүгө аргасыз болуптур”, - дейт имам.
Женишбек Арзымкожоевдердин чечими бир үй-бүлөнүн гана тандоосу эмес. Бул коомдогу көнүмүш адатка коюлган суроо. Маркумду акыркы сапарга узатуу — ысырап менен өлчөнүшү керекпи, же ниет мененби?