АКШда ок атуудан сегиз бала каза болду

Дүйнө Загрузка... 20 Апрель 2026 14:14
WhatsApp Image 2026-04-20 at 08.59.00.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.04.26 /Кабар/. АКШнын Шривпорт шаарында болгон ок атуудан сегиз бала каза болуп, экөө жаракат алды. Бул тууралуу NBC News телеканалына таянып, Kazinform билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя күн мурун болуп, ок атуу үч турак жайды камтыган. Жалпысынан 10 адамга ок тийип, алардын сегизи каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген. Каза болгондор 1 жаштан 14 жашка чейинки балдар.

Шектүү окуядан кийин автоунааны айдап качууга аракет кылган. Бирок качуу учурунда ал полиция тарабынан атылган. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.