Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Жыргалаң аймагында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо-лыжа кластерин ишке ашыруунун алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү иштери кызуу жүрүүдө.
"Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришкендей, учурда негизги эки багытта иштер аткарылып жатат.
"Учурда жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн Бозучук – Жыргалаң унаа жолуна асфальт-бетон төшөө процесси активдүү жүрүүдө. Муну менен катар келечектеги Жыргалаң курорттук шаарчасына түз алып баруучу 8,5 чакырымдык жаңы унаа жолду долбоорлоо жана куруу иштери кошо аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.
Планга ылайык, бардык курулуш иштери ушул 2026-жылдын сентябрь айына чейин толук аяктап, жолдор пайдаланууга берилет. Жаңы инфраструктура аймакка туристтердин агымын көбөйтүүгө жана логистиканы жакшыртууга шарт түзөт.