Бишкек, 24.04.26 /Кабар/. Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылындагы мектепке Осмонаалы Сыдык уулунун ысымы ыйгарылды. Мындай саамалыкты Кочкор райондук билим берүү бөлүмү жана Кызыл-Дөбө айыл эли зор кубаныч жана сыймык менен кабыл алып олтурушат. Анткени, бир кылымга тете мезгил өтүп олтуруп акыры ак ниет инсандын эмгеги татыктуу баасын алганына кубанычта.
Бүгүн тарыхты изилдеген агартуучу Осмонаалы Сыдык уулунун ысымы өзүнүн туулган жериндеги орто мектепке ыйгарылып олтурат. Бул маанилүү иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, саясат таануучулар Аалыбек Акунов жана Чолпонбек Сыдыкбаев баш болгон бир катар окумуштуулар, тарыхчылар Мурат Кожобеков, Аида Кубатова, Кыяс Молдокасымов, Рыскул Жолдошов, Акылай Жумагулова катышты.
Аталган салтанатта Осмонаалы Сыдык уулунун ишмердүүлүгү, анын тарых илими алдында кошкон чоң салымы, инсандык өзгөчөлүгү, ошондой эле татаал тагдырга туш келип ак жерден жалаага калганы, анын айынан бул жакта үй-бүлө, бала-бакырасын таштап Кытайга качканы, ал жакта да билим берүү тармагындагы ролу тууралуу узун сөздөр айтылды.
1930-жылдагы куугунтуктан эч айла таппай карайлаган чакта Кытай жергесине барып, 1942-жылы Текесте көз жумган агартуучунун 150 жылдыгына карата былтыр 2025-жылы сентябрь айында ордо калаабызда атайын иш-чаралар уюштурулган.
* * *
Ар бир элдин тарыхында караңгылыкты жарып чыккан, келечекке жол көрсөткөн агартуучулар болот. Кыргыз эли үчүн Осмонаалы Сыдык уулу – мына дал ушундай тарыхый инсан. Ал улуттук аң-сезимди ойготууга, тарыхты кагазга түшүрүүгө өмүрүн арнаган.
Осмонаалы Сыдык уулунун ысымы кыргыз тарыхнаамасы менен эгиз. Анын 1913-жылы Уфа шаарында жарык көргөн "Мухтасар тарыхы кыргызия" ("Кыргызстандын кыскача тарыхы") эмгеги кыргыз окумуштуусу тарабынан жазылган алгачкы тарыхый китеп катары бааланат. Ошол доордо тарыхты жазуу өтө жоопкерчиликтүү жана кооптуу кадам болчу. Ал кыргыз элинин келип чыгышын, санжырасын, маданиятын жана саясий абалын илимий негизде чагылдырууга аракет кылган.
Осмонаалы Сыдык уулу тарыхты жөн гана окуялардын тизмеги эмес, элдин жашап өткөн өмүр жолу, анын тагдыры катары караган. Ал тарыхчы гана эмес, жалындаган педагог да болгон. Осмонаалы үчүн эски заман менен жаңы замандын кагылыш маалында агартуучулук ишмердүүлүктү жүргүзүү, билимдин маанилүүлүгүн түшүндүрүү оңойго турган эмес. Бирок ал элди билимге, окууга, жарык дүйнөгө үгүттөөдөн тажаган эмес. Ал, "билим – зор күч!" деген ураанды өзүнүн ишмердүүлүгү менен далилдеп, миңдеген жаштардын сабаттуу болушуна, дүйнө таанымынын кеңейишине пайдубал койгон.
* * *
Балдарынын жана жакын туугандарынын эскерүүлөрүндө Осмонаалы Сыдык уулу табиятынан март, кең пейил адам болгон. Кытай жергесинде жүргөн мезгилде бай-манаптарга билим берип, акысына короо толо малга ээ болсо да дароо ошол замат колунда жокторго таратып берип, эл менен бөлүшкөн. Ал эми анын дагы бир артыкчылыгы намыскөй жана эмгекчилдигинде. Кыйынчылыктарга моюн сунуп калбай максатына жетмейин эч токтолбой алдыга беттеп кете берген кайраттуу адам болгон делет. Дагы бир өзгөчөлүгү – чынчыл мүнөзгө ээ болуп, жасалмалуулукту жана кошоматчылыкты жек көргөн. Ар намысты эң жогорку баалуулук катары санап, аны эч нерсеге алмаштырган эмес. Мындай сапаттар кээде адамды кыйын абалга салганы менен, Осмонаалы Сыдык уулу үчүн бул анын өзгөрбөс принциптерине айланган.
* * *
Улуттук интеллигенциянын өкүлү катары Осмонаалы Сыдык уулу советтик мезгилдин кысымына кабылып, куугунтукка алынды. Тарыхты жазган адамдын өзү тарыхтын тегирменинде калды. Бирок, убакыт акыры баардыгын өз ордуна койду.
* * *
Анын өмүрү биз үчүн чоң сабак. Биз бүгүн тарыхыбызды ээн-эркин жазып, маданиятыбызды даңазалап жатсак, демек ал Осмонаалы Сыдык уулу сыяктуу, улуу жолдун башында туруп, из салып кеткен алптарыбыздын эмгегинин үзүрү. Өзү мындан жүз жылдан ашуун мезгил илгери кыргыздын тарыхын жазып, аны келечек муундарга өткөрүп бергиси келген инсандын өзү – китептери Уфада басылып чыккан соң ортодо отуз жыл өтпөй бөтөн жерде тарыхтын катмарында калган.
* * *
Осмонаалынын тагдыры тайкы болсо да, эмгектери жоголбоду. Анын жазган "Кыргызстандын кыскача тарыхы" бүгүнкү күндө биз үчүн улуттук өзүн-өзү таануунун башаты бойдон кала берет.
Осмонаалы Сыдык уулунун өрнөктүү өмүрү бизге:
– Тарыхты сыйлабаган, тарыхчысын кордогон эл – келечегин жоготот! – деген собол таштап, улутту сүйүүгө үндөй бермекчи.