Алихан Ураимов Баткен мэринин орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 22 Апрель 2026 13:30
678234118_1686039745903904_2362744842668261746_n.jpg
copyright icon Баткен шаардык мэриясы

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Алихан Ураимов Баткен шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.

Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев кол койду.

Ураимов Алихан Ураимович буга чейин президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси, президенттин администрациясында инспектор, ошондой эле Баткен шаарынын мэринин биринчи вице-мэри кызматтарын аркалаган.

Алгачкы эмгек жолун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде баштаган.