Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Парламенттен билдиришкендей, анын ичинде КР Жарандык процесстик кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамы бар.
Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров баяндама жасап, аталган мыйзам долбоорлору Конституциялык соттун чечимдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Анын айтымында, мыйзам долбоору менен прокурордун жана тергөөчүнүн актыларын мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдерин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздеринин тизмесинен чыгаруу сунушталууда.
Ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, эгерде мындай иштер камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө чечим кабыл алууда мааниге ээ болсо, айрым процессуалдык негиздер боюнча кылмыш иштерин токтотуу мүмкүнчүлүгүн чектөө каралууда.
Мындан тышкары, камсыздандыруу жаатында тактоо киргизилип, камсыздандырылган адам кылмышты атайылап жасаган учурда гана камсыздандыруучу төлөмдөн бошотулары белгиленет.