Аймактарды өнүктүрүү: Ноокатта таза суу жана ирригация маселеси талкууланды

Аймак Загрузка... 10 Июнь 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Ноокат районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир эткен бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. 

Өзгөчө көңүл, калкты сапаттуу ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана айыл чарба тармагындагы ирригациялык системалардын абалын жакшыртуу маселелерине бурулду.

Белгилегендей, таза суу менен камсыз кылуу – калктын саламаттыгын сактоонун, жашоо сапатын жогорулатуунун жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат. 

Ошол эле учурда ирригациялык системаларды жакшыртуу айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, сууну үнөмдүү пайдаланууга жана дыйкандардын кирешесин арттырууга өбөлгө түзөт.

Ушуга байланыштуу бардык айыл аймактарынын башчыларына ичүүчү суу жана ирригациялык объектилер боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоо иштерин тездетүү, керектүү техникалык жана укуктук документтерди өз убагында бүтүрүү тапшырылды. 

Бул келечекте мамлекеттик жана эл аралык инвестицияларды тартууга, ошондой эле курулуш иштерин өз мөөнөтүндө баштоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдарга калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо боюнча комплекстүү чараларды кыска мөөнөттө иштеп чыгып, алардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу милдети жүктөлдү. 

Анда кеңешменин жүрүшүндө таза суу менен камсыздалган 44 айыл боюнча маалымат угулуп, бардык айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери отчет беришти. 

Бул иштер аймактардын өнүгүшүнө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошот.