Барскоон – Бедел унаа жолуна 2 туннель, 50дөн ашык көпүрө курулат

Аймак Загрузка... 21 Апрель 2026 12:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында унаа жолунан тышкары, 50дөн ашык көпүрө, 2 туннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган.

  • №1 тоннель (Сөөк) – жалпы узундугу 5 340 метр;
  • №2 тоннель (Ашуу-Суу) – жалпы узундугу 3 788 метр:

Ал эми көпүрөлөр боюнча иштер учурда даярдык баскычында турат.

Ушу тапта объектте 557ге жакын кызматкер бетон заводдорунун, майдалоо-сорттоо комплекстеринин, карьерлердин, вахталык шаарчалардын жана башка убактылуу курулуш иштерин аткарышууда.

Белгилей кетсек, Барскоон – Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылдын 26-августунда башталган. Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде жайгашкан Барскоон айылын Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы "Бедел" өткөрмө пункту менен байланыштырат.