Баткенде 20 чакырым жогорку чыңалуудагы линиялар жаңыланууда

Аймак Загрузка... 24 Апрель 2026 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Баткенде жалпы узундугу 20 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде узундугу 7,33 чакырым болгон 35 кВ "Холмион – Ынтымак" аба чубалгысы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Эми узундугу 7,92 чакырымды түзгөн 35 кВ "Кызыл-Кыя-2 – Үч-Коргон" жана 4,5 чакырымдык 35 кВ "Баткен – Животноводческая" аба чубалгылары жакынкы айларда этап-этабы менен капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Жыйынтыгында жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдап, калктын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык объекттерди жана ишканаларды сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, 2026-жылга бекитилген план-графикке ылайык, 35/110/220 кВ жогорку чыңалуудагы жалпы узундугу 1380 чакырымды түзгөн аба чубалгыларында кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.