Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгына жаңы техника берилди

Аймак Загрузка... 21 Апрель 2026 14:55
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгына HWL-80 үлгүсүндөгү экскаватор берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда аталган техника ишке берилип, ички чарбалык арыктарды тазалоо иштерине колдонулууда. Ошондой эле жаңы техника сугат системасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Эске салсак, 8-апрель күнү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Айыл чарба министрлигине 60дан ашуун техниканын ачкычын тапшырган.