Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. "Бишкек Арена" стадионунун аймагында өрт чыкты деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, объекттин жер төлөсүндө ширетүү жумуштары жүргүзүлүп жаткан учурда учкундар курулуш материалдарына чачырап, натыйжада кыска убакытка түтүн чыккан. Бул учурда эч кандай өрт чыгуу же жалын тутануу фактысы катталган эмес.
"Каттуу шамалдан улам түтүн сыртынан чоң көрүнүп, өрт чыккандай жаңылыш пикир жараткан. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери ыкчам түрдө жетип келип, түтүндү жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. Кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынып, объектке жана жумушчуларга эч кандай коркунуч туудурган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, учурда объектте курулуш иштери кадимки нукта уланууда.