Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Өлкө аймагындагы унаа жолдордун абалын жакшыртуу максатында чарбалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 9-чакырымында, Новопокровка айылынын аймагында 1 300 чарчы метр аянтка асфальт төшөлүүдө.
Ушул эле жолдун 12-чакырымында сол тараптагы 1 000 чарчы метр чөккөн же көөп чыккан жерлер оңдолууда. Ошондой эле Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 536–544-чакырымдарынын аралыгы реконструкцияланып жатат.
Ал эми Чоң-Дөбө — Лама унаа жолунун 6,8–8,8-чакырым аралыгында экинчи тилкеге асфальт төшөлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 7 200 чарчы метр аянтка асфальт басылды.