Бишкекке – 148 жыл! Ала-Тоо аянтында концерт тартууланат

Коом Загрузка... 20 Апрель 2026 15:45
675146455_1432971855545331_1940607834712235704_n.jpg

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын күнүнө карата майрамдык концерт тартууланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде Ала-Тоо аянтында майрамдык программа өтөт.

  • Саат 18:00дө Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталат;
  • Саат 19:00дө ачык асман алдында “Вальс кечеси” фестивалы уюштурулат.

Белгиленгендей, майрамдык программа концерт менен жыйынтыкталат.

Эске салсак, быйыл борбор калаанын түптөлгөнүнө 148 жыл болду.