Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Бишкекте №13, №35, №45 автобус каттамдары убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автобустардын багыты Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылгандыгына байланыштуу өзгөрдү.
Белгиленгендей, бул тилкеде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Мэрия шаар тургундарын алдын ала каттамды пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.