Бишкекте быйыл 120 чакырым жолду оңдоо пландалууда

Коом Загрузка... 14 Апрель 2026 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым жолду оңдоп-түзөө жана куруу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.

Dizayn_bez_nazvaniya_3.width-800.jpg

Ал ири долбоорлордун жыйынтыкталышы, жаңы тилкелердин ачылышы жана борбор калаанын негизги көчөлөрүн реконструкциялоо пландары боюнча маалымат берди.

Жанболотовдун айтымында, Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн ортосундагы темир жол аркылуу өтүүчү бөлүгү курулуп, пайдаланууга берилди.

"Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн курулушу тургундар арасында көптөгөн талкууларды жаратты. Аны 2025-жылы баштаганбыз. Эгер жумушту жайында баштасак, былтыр күздө бүтүрмөкпүз. Бирок ал маалда Курманжан датка көчөсү жабык болгондуктан, Жибек жолун жабууга мүмкүн эмес эле, болбосо Аламүдүн районунда унаа кыймылы толугу менен токтоп калмак", - деди ал.

Ал белгилегендей, жыйынтыгында көпүрө кеңейтилип, алты тилкелүү болуп жасалып, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, ал кошумчалагандай, Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тилкесиндеги жумуштар толугу менен аяктады. Жакынкы күндөрү жол сызыктары чийилип, жол толук ачылат. Андан соң, Лев Толстой көчөсүнүн калган кичинекей бөлүгүндө иштер башталып, быйыл толугу менен бүткөрүлөт.

560884422_1146.max-2560x1440.format-webp.jpegq.width-800.png
"Азыркы учурда Ауэзов көчөсүнүн Салиева жана Жибек Жолу проспектилеринин ортосундагы бөлүгү жабык. План боюнча Ауэзов көчөсү Жибек Жолунан Сухэ-Батор көчөсүнө чейин толук реконструкцияланат. Ауэзов көчөсүнүн уландысы катары Анкара жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн ортосунда жаңы чоң тилке салынат. Учурда Көк-Жар конушунун башына келип такалган Ахунбаев көчөсү Достоевский көчөсүнө чейин узартылып, Ауэзов көчөсү менен туташтырылат", - деди ал.

Жанболотов белгилегендей, Ауэзов жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги иштер да быйыл башталат.