Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Бишкекте фармацевтикалык продукцияларды мыйзамсыз сатууга жана сактоого бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө салык каттоосу, лицензиясы жана тиешелүү коштомо документтери жок дары-дармектер сатылып жаткан контейнер табылды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ар түрдүү аталыштагы 7 064 даана дары-дармек каражаттары жана 160 флакон этил спирти тартып алынды.
Мындан тышкары, дары-дармектерди сактоо шарттарынын одоно бузулушу аныкталып, алардын мындан ары колдонулушу калктын саламаттыгына түздөн-түз коркунуч жаратаары белгиленди.
Учурда чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүлүп берилди.