Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бишкекте катуу шамалда бак кулап, 23 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 10-июнда кечки саат ондор чамасында Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинен Ж.А. аттуу 23 жаштагы кыз жаракат алган.
Ооруканага жабылануучу башы жана көкүрөгү ооруганын, сол ийининен жаракаты бар экенин айтып кайрылган.
"Ага дарыгерлер тарабынан сол ийининин жана көкүрөк көңдөйүнүн жаракаты, ошондой эле кабырганын жабык сыныгы диагнозу коюлган. Бейтап тиешелүү көрсөтмөлөрдөн соң, амбулатордук дарыланууга жиберилди", - деп белгилешти министрликтен.